Ак-Талаада 7 адам кармалды. Кылмыштын чоо-жайы

Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагынын башчысы, анын орун басары, мамлекеттик органдардын жана жеке фирмалардын жетекчилери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМКга Нарын облусунун Ак-Талаа районунун мамлекеттик органдарында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча маалыматтар келип түшкөн. Аталган фактынын негизинде УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Жыйынтыгында бөлүнгөн гранттарды сатып жаткан Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагынын жетекчилиги курулуш объектилерине жооптуу мамлекеттик органдардын жана жеке фирмалардын жетекчилери менен тил табышып, бүткөрүлө элек футбол аянтчасын жана маданият үйүн капиталдык оңдоону мыйзамсыз пайдаланууга алышкандыгы аныкталды. Натыйжада мамлекетке жалпы суммасы 3 миллион 400 миң сомдук зыян келтирилген.

11-мартта жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 7 адам — Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагынын башчысы С.М.Д., анын орун басары А.К.И., Нарын аймактык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын улук инспектору М.З.М., Ак-Талаа райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жетекчиси А.Р.К., «Кыргызбилдкомпани» ЖЧКсынын директорунун орун басары И.С.Р. , “Эл-Эр” ЖЧКсынын директорунун орун басары Н.К.Ч. жана курулушка жеке техникалык көзөмөл жүргүзүүчү К.Н.Ж. кармалып, Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.