Ак-Талаада балык уулоого барып дарыяга түшүп кеткен жаранды издөө уланууда

27-декабрь күнү Ак-Талаа районунда Ала-Буга дарыясынын жээгинде балык уулоого барган Баетов айылынын тургуну, 1993-жылы туулган Майрамбек уулу Самат кокустуктан сууга түшүп агып кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен аны издөө иштери улантылып жатканын билдиришти.

«Сууга кирип кеткен жээктин ылдый жагында алтын чайкаган чоң агрегаттын чубама сузгунун астына агып кирип, кептелип калган деген божомолдор менен куткаруучулар, Майрамбек уулу Саматтын жакындары жана достору музду талкалап, узун зымдарды сууга салып издеп жатышат.

Куткаруучулар авариялык куткаруу автоунаасы жана кырсыктарда куткарууга керектелүүчү атайын жабдыктар менен барган. Жол жок болгондуктан ал автоунаа кырсык болгон жерден 2-2,5 чакырым алыстыкта токтотулуп, жабдыктар автоунаада калган. Алардын колунда аркан, балта жана ломдор болгон.
Агып кеткен жарандын атасы журналисттерге “өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучуларынын колунда эч нерсе жок, бизге эле окшош экен” деп айткан. Ал киши бул сөзү менен атайын сууга кийип түшүүчү, суучулдардын костюмун, кычкылтек баллондору болушу керектигин айткан. Ал жерде агым аябай ылдам болгондуктан, сууга түшүүгө мүмкүн эмес«, — деп жазылат министрликтин маалыматында.