Ак-Талаада келин күйөөсүнө бычак сайып өлтүрүүгө шектелип кармалды

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылында жолдошунун өлүмүнө шектелген келин 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Нарын ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, Ак-Талаа РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 13-февраль күнү Кара-Бүргөн айылынын тургуну кайрылып, «мен дүкөнгө барып кайра келсем, күйөөмдү бирөөлөр бычак менен сайып кетиптир» деп айткан. Аталган факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Анда аталган окуя боюнча милиция кызматкерлери барган учурда Кара-Бүргөн айылынын 1985-жылы туулган тургуну жарандык никедеги жолдошу Кара-Бүргөн айылынын тургуну 1983-жылы туулган жаран экөө 13-февраль күнү саат Баетов айылынан Кара-Бүргөн айылына үйгө келген учурда жолдошу мас абалында ар кандай жаман сөздөр менен тилдеп, мени милиция менен сотко берип тажаттың деп, ашкана бычагын алып, «мени өлтүр» деп кыйкырып ыргытып, тынчтык бербей жаткан учурда, келин ашкана бычагын алып, жарандык никедеги жолдошун көкүрөк тушуна 1 жолу сайып өлтүрүп салгандыгы жана бычакты мештин ичине салып жок кылууга аракет кылганы аныкталган. Кесепетинен жаран каза болуп калган.

Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, тийиштүү далил заттар алынып, тиешелүү болгон экспертизалар дайындалып, адам өлтүрүү менен кылмыш иши козголгон. Иш боюнча шектүү Нарын шаардык соту тарабынан 14-апрелге чейин эки айга камакка алынды. Учурда тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.