Акча талап кылган деген шек менен Миң-Булак айыл аймагынын башчысы кармалды

Миң-Булак айыл аймагынын башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагынын башчысы тарабынан “Лабиринт” ЖЧКсынын башкы директорунан Нарын районунун Куйбышев айылындагы бала бакчанын тегерегине брусчатка төшөө боюнча келишим түзүү маселесин оң жагына чечүү үчүн 20 миң сом өлчөмүндө акча талап кылуу фактысы аныкталган. “Лабиринт” ЖЧКсынын башкы директору алдын ала мурда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысынын талабы менен ага 8 миң сом суммасында акча каражат которулган.

25-майда Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө (опузалап пара алуу) каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, пара алуу учурунда — калган 12 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды.