«Акчаны 2 эсе көбөйтүп беребиз» дегендердин Ысык-Көлдөгү өкүлдөрү кармалды

Буга чейин ИИМ маалымат таратып, Биринчи Май РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан каржы пирамидасын уюштуруу боюнча шектүүлөр кармалганын билдиришкен. 2-март күнү милицияга жаран кайрылып, «Chargefast» компаниясынын ээлерине карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Кылмышка шектүү катары 2 кыз кармалган.

Ысык-Көл ОИИБ маалымат таратып, Караколдо ошол эле компаниянын өкүлдөрү кармалганын билдиришти. «1-март күнү Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө бир катар тургундар арыз менен кайрылышкан. Алар өз арыздарында облус борборунда февраль айында “Chargefast” компаниясы ачылганын жана анын өкүлдөрү депозиттер боюнча үстөк пайызды жогорулатууну убада кылышканын билдиришкен. Ошондой эле, арыз ээлери убадаларга ишенип, акчаларын бул компанияга салып, андан соң компания алардын акчаларын алдоо жолу менен ээлеп алганын кошумчалаган. Арыздар Каракол ШИИБге катталып, алдамчылык боюнча кылмыш иши козголгон. Катталган арыздар боюнча материалдык чыгым 500 миңден ашык сомду түзгөн. 

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип, «Chargefast» компаниясынын өкүлдөрү, Каракол шаарынын тургундары 47 жаштагы М.Н. жана 49 жаштагы М.Г. аттуу жарандар аныкталып, колго түшүрүлдү»,- деп айтылат маалыматта.