Биринчи Май РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан каржы пирамидасын уюштуруу боюнча шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
2-март күнү милицияга жаран кайрылып, «Chargefast» компаниясынын ээлерине карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Алар акчаны эки эсе көбөйтүү шылтоосу менен ишенимге кирип, алдамчылык жолу менен 400 миң сом суммадагы акча каражатын ээлеп алышкан. Андан кийин убадасын аткарбай жүргөн жерин жашырышкан. Аталган факты боюнча Биринчи Май РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси (финансы пирамидаларын уюштуруу) менен кылмыш иши козголгон. Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагында 1991-жылы туулган Н.Н. жана 1995-жылы туулган А.С. аттуу шектүүлөр аныкталып, кармалган.
Мындан тышкары, Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБге 50дөн ашуун жаран арызы менен кайрылган. Азыркы учурда алардын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.
16-май күнү саат 08:15 чамасында милицияга Жалал-Абад облустук ооруканасынын балдарды дарылоо бөлүмүндө жайгашкан УЗИ бөлмөсүнө жумушуна келип, эшигинин ачкычы бузук...
Кечээ, 19-майда Бишкектин Свердлов райондук соту Бишкектеги хостелде чыккан мушташ боюнча кармалган Египеттин 4 жаранын үй камагына чыгарды. Буга чейин...
Ысык-Көл облусунда Жыргалаң суусуна түшүп кеткен 2 кыз 18-майдан тарта куткаруучулар тарабынан изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты. 19-май күнү да...
Бүгүн, 18-май күнү Ак-Буура дарыясынан 35-40 жаштагы аял киши агып бараткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты. Жеринде 4...
Бүгүн, 18-майда Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Ош-Баткен-Раззаков унаа жолуна саат 12:00 чамасында (Көк-Жар айыл аймагынын Жийде айылы) сел жүрүп,...