Ошто ыплас аракеттерди жасоого шектүү пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 18-апрель күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгына маалымат түшкөн. Анда 13-апрель күнү Ош шаарынын тургуну арыз ээсине карата күч колдонуп, ыплас аракеттерди жасаганын билдирген.
Катталган маалыматты текшерүү учурунда шектүү жарандын өздүгү аныкталып, Ош ШИИБдин тергөө кызматына чакырылган. Шектүү анын кызыкчылыгы үчүн чечим кабыл алып берүүгө пара сунуштаган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.
19-апрелде шектүү пара катары 50 миң сом акча каражаттарын ыкчам кызматкерлерине берген учурда кармалып, акча далил буюм катары алынган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram