АКШда 27 жаштагы кыргызстандык жигит полиция тарабынан атып өлтүрүлгөнү айтылды (видео)

АКШда полиция кызматкерлери 27 жаштагы кыргызстандыкты атып өлтүрүштү. Бул тууралуу ЖМКлар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, кыргызстандык Пенсильвания штатында жүк ташуучу компанияда иштеген, иштен кеткенден кийин компания ага 3 миң доллар төлөбөй койгон.

«Ачууга алдырып, ал жүк ташуучу унааны уурдап кеткен. Фирманын кызматкерлери полицияга кайрылып, кыргызстандык жигит машинаны уурдап кеткенин айтышкан. Жүк ташуучу унаа токтотуучу жайлардын биринен табылган. Айдоочу полициянын машинасын жөөлөп баштагандан кийин атышуу башталган. Кыргызстандык каза болду», — деп  айтылат маалыматта.