АКШда Кыргыз жаранынын полиция тарабынан атып өлтүрүлүшү. Сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлөт

АКШда Кыргыз жаранынын полиция тарабынан атып өлтүрүлүшү боюнча Тышкы иштер министрлигинен комментарий беришти.

Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин берген маалыматына караганда, көз жумган жаран 1993-жылы туулган Кыргыз жараны болгон. Окуя 5-октябрда Пенсильвания штатында катталган. Маркум ошол эле штаттын полициясы тарабынан бир нече жолу атып өлтүрүлгөн. Элчилик дароо Мамлекеттик департаменти менен АКШнын Ички коопсуздук департаментине иштин бардык жагдайларын түшүндүрүү өтүнүчүн жөнөттү. Учурда жооп күтүлүүдө. Маркумдун жакындары керектүү документтер толтурулган соң сөөктү Кыргызстанга жөнөтүүнү пландап жатышат.

«Элчилик маркумдун бир тууганы менен дайыма байланышта болуп, ошондой эле өз компетенциясынын чегинде тиешелүү документтерди даярдоого зарыл жардам көрсөтөт. Бул маселе министрликтин жана элчиликтин өзгөчө көзөмөлүндө», — деп айтылат маалыматта. 

Буга чейин соцтармактарда видео тарап, анда АКШда 27 жаштагы Кыргыз жигитинин атып өлтүрүлгөнү маалым болгон.