Бишкекте уурулукка шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
«11-июлда АКШнын жараны арыз менен кайрылган. Арызында ал саат 00:10 чамасында белгисиз жарандар күч колдонуп, 7000 сом, банк картасы, бриллиант, күмүштөн чынжырчасы бар капчыгын тартып алып качып кетишкенин айткан. Жабырлануучунун чыгымы жалпы 110 миң сомго бааланган.
Аталган фактыга байланыштуу уурулук беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип 2001-жылы туулган жаран, 1999-жылы туулган эки жаран жана 1995-жылы туулган жаран кармалып, Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда алардын башка кылмыштарга катыштыгы бар-жогу териштирилүүдө», — деп жазылат маалыматта.