Аксыда 11 жашар бала изделүүдө. Ал аты менен кошо сууга түшүп кеткен

Аксыда сууга түшүп кеткен 11 жашар бала изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.

Бүгүн, 24-майда Жаңы-Жол айыл аймагынын Терс айылынын 2010-жылы туулган тургуну Кара-Суу айыл аймагынын Түрдүк жайлоосуна мал айдап бара жатып, Желе-Терек тилкесиндеги мал өтүүчү көпүрөдө аты үркүп кетип, аты менен кошо сууга түшүп кеткен. Жерине 13:50 чамасында 5 куткаруучу атайын куткаруучу унаасы менен тартылган. Милиция кызматкерлери тарабынан баланын аты-жөнү такталууда жана издөө иштери жүргүзүлүп жатат.