Аксы районунда 9 жаштагы баланы тир мылтыгы менен тууганы атып алган. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
2-август күнү болжол менен саат 18:00 чамасында Жалал-Абад облустук ооруканасынын дарыгери Аргунбаев тарабынан милицияга маалымат түшкөн. Анда Аксы районунун Жерге-Тал айылынын Барпиев көчөсүнүн тургуну 9 жаштагы баланы тууганы ойноп жатып тир үлгүсүндөгү курал менен кокусунан көзүнө атып жибергени айтылган.
Кесепетинен бала Жалал-Абад облустук ооруканасынын жаш балдарды жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Аталган факты боюнча Аксы РИИБдин маалыматтардын электрондук каттоо журналына «кокустук» деп катталып. Азыркы учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.
Turmush басылмасы Жалал-Абад облустук ооруканасынын башкы дарыгерине шилтеме берип, алгач аймактык ооруканада баланын көзүн тазалап, жараатты тигип, кичи операция жасаганын билдирди. Кийин ал оор абалда облустук балдар ооруканасына жөнөтүлгөн.