Аксыда аты үркүп, сууга кирип кеткен баланын сөөгү 1 жумадан бери табыла элек
24-май күнү Терс айылынын 11 жаштагы тургуну Кара-Суу айыл аймагынын Желе-Терек тилкесинде жайлоого мал айдап бара жатып, көпүрөдө аты үркүп кетип, аты менен кошо сууга түшүп кеткени маалым" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/aksyda-aty-yrkyp-suuga-kirip-ketken-11-jashtagy-balanyn-soogy-izdelip-jatat/">маалым болгон.
28-май күнү жерине издөө иш-чараларын улантуу максатында 12 куткаруучу тартылып, алар Түрдүк суусунун Желе-Терек тилкеси менен Кардон тилкесинин ортолугун издешкен. Натыйжа болгон эмес. Бүгүн, 31-май күнү издөө иш-чаралары улантылат.