Мектептин айланасын көрктөндүрүү, видео байкоо орнотуу, спорт эмеректери менен камсыздоо жана башка жумуштар “К” ЖЧКсы тарабынан иш-жүзүндө аткарылбагандыгына карабастан, расмий иш кагаздарга жалган маалыматтарды Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери жумуштарды кабыл алышкан. Натыйжада, мыйзамсыз түрдө төлөмдөр жүргүзүлүп, мамлекетке 8 миллион 20 миң 778 сом зыян келтирилген. Аталган факты боюнча прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу), 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык) жана 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн кылмыш иш УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча Башкы башкармалыгына жиберилди.
Кеминде баланы сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды
Кечээ, 28-март күнү саат 16:00 чамасында Кемин районунда “Тойота Хайландер” үлгүсүндөгү унаа, жаш өспүрүм баланы сүзүп, окуя болгон жерден качып...











