25-26-май күндөрү Аксы районунда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Топ-Жаңгак-Кара-Суу автожолунун 5-6-чакырым, 8-9-чакырым жана 12-13-чакырым аралыктарында, ошондой эле Кара-Жыгач-Сары-Челек автожолунун 5-7-чакырым, 9-11-чакырым жана 19-21-чакырым аралыктарында сел жүрүп, жол каттамдары жабылган.
Жогоруда белгиленген жерлерге министр Тилек Текебаевдин тапшырмасы менен Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев барып, жолчулардын иши менен жеринде таанышып, бир катар маанилүү тапшырмаларды берди.
Селдин кесепетинен Аркыт айылындагы Сары-Челек автожолунун жээктериндеги курулуштар зыянга учураган. Анткени ал жерде курулуш иштери жүрүп жаткан. Жеринде Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканасы тарабынан 1 автогрейдер, 2 автопогрузчик, 2 экскаватор, 2 автосамосвал, 1 манипулятор, 10 жумушчу иштеп жатат. Мындан сырткары, Топ-Жаңгак-Кара-Суу автожолунун 6-чакырым аралыгында жайгашкан 9 метрлик көпүрө жабыркагандыктан, тиешелүү адистер тарабынан калыбына келтирүү жана бекемдөө иштери жүргүзүлүп, жаңысын куруу пландаштырууда.