25-май күнү саат 19:00 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен улам Аксы районунун Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн Кезарт сел сайынан түшкөн сел суулар №12 ЖТИнин балансындагы Кара-Жыгач-Кызыл-Көл жолунун 6-чакырымында авто көпүрөнүн түбүнө батпай ашып, жолго сел калдыктарын үйүп, жол каттамы жабылган. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Ошондой эле Кезарт сел сайынан түшкөн сел калдыктары Кара-Суу дарыясын бөгөп, суунун деңгээли көтөрүлүп, сол жээгин жеп турак жайларга кооптуулук жаралып, жергиликтүү ЖК кызматтары тарабынан 64 үй-бүлө коопсуз жайга убактылуу эвакуцияланган. Учурда жеринде райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы жана ЖК кызматынын даярдыкта турган күч каражаттары тартылып, сел кирген турак жайлардын суулары мотопомпанынын жардамында коопсуз жайга чыгарылып, 11 оор инженердик техниканын жардамында чарбалык жолдорду калыбына келтирүү аракети көрүлүүдө.
УКМК тарабынан мамлекеттик менчиктин социалдык инфраструктурасынын мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерин кайтарып алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Бишкек шаарынын (Рабочий городок)...
Кечээ, 20-ноябрь күнү саат 19:45 чамасында Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында жайгашкан орто мектептеринин биринде жылытуучу түтүкчө (меш) жарылып, от жагуучу...
Бүгүн, 21-ноябрда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы алдын ала маалымат боюнча Сары-Челек айыл аймагынын Жол-Сай айылынын Мазар тилкесинде жер көчкү түшкөн....
Чүйдө адам өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 19-ноябрда Кара-Балтадагы үйлөрдүн биринин алдында 1975-жылы туулган жарандын жансыз денеси...