Аксыда талаада териси сыйрылган эшектер боюнча териштирүү башталды

Социалдык тармактарда Аксынын Тегене айылында тартылган видео тарап жатат. Видеодо териси сыйрылган эшектердин талаада жатканын көрүүгө болот. Видеонун автору аларды санап, 18 баш эшек экенин айтат. Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден териштирүү иштери башталганын билдиришти.

«5-апрелге караган түнү Аксы районунун Ак-Суу айыл аймагынын Жарбатыр участкасындагы колотто белгисиз адамдар 18 баш эшекти союп, терилерин сыйрып кетишкен. Бул факты боюнча териштирүү иштери башталган», — деп айтылат маалыматта.