Аксы районунда мыйзамсыз ок атуучу куралдар табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
17-февралдан 27-февралга чейинки аралыкта Аксы РИИБдин кызматкерлери тарабынан райондун аймагында өткөрүлүп жаткан “Арсенал жана Притон” аталыштагы иш-чара учурунда ок атуучу куралды мыйзамсыз сактап жүргөн жарандар аныкталган. Аталган маалымат 22-февраль күнү Аксы РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (Куралды, ок дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыш ишинин натыйжасында, Аксы районунун 1959, 1963 жана 1974-жылы туулган тургундарынын колунан 3 даана ТОЗ-8 үлгүсүндөгү, 5,6 калибирлүү ок атуучу курал алынып, соттук-баллисттикалык экспертизалар дайындалган. Ал эми дайындалган экспертизанынын жыйынтыгында 3 даана ТОЗ-8 үлгүсүндөгү, 5,6 калибирлүү курал колдонуууга жарактуу деп табылып, Аксы районунун үч тургуну мыйзамсыз ок атуучу куралын сактап жүргөндүктөрү үчүн, Аксы РИИБдин тергөө кызматына камсыз кылынган.