Актёр Чыңгыз Мамаевдин иши боюнча соттук отурум кийинкиге жылдырылды

Зордуктоого шектелген актёр Чыңгыз Мамаевдин иши Жогорку Сотто бүгүн, 28-мартта каралмак.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жогорку Соттон билдиришкендей, отурум жактоочунун суранычы менен 11-апрелге жылдырылды. «Жактоочусу иштин жагдайлары менен таанышуу үчүн отурумду жылдырууну суранды»,- дешти.