Актёр Чыңгыз Мамаевдин үй камагына чыгышы. Жабырлануучу тарап Жогорку Сотко кайрыларын билдирди

Актёр Чыңгыз Мамаевдин кылмыш иши боюнча жабырлануучу тарап Жогорку Сотко кайрылат. Бул тууралуу «Сезим» кризистик борборунун жетекчиси журналисттерге билдирди.

Маалыматка караганда, жабырлануучу аял кризистик борборго кайрылып, шектүү тарап бир нече жолу тосмо арыз жазышы керектигин айтканын, бир жолу алар тосмо арыз жазуу үчүн аны милицияга чейин жеткиришкен.

Жабырлануучу тарап ишти кошумча тергөөгө жөнөтүү мыйзамсыз экенин айтышкан. «22-ноябрда айыптоочу тарап тергөө учурунда процессуалдык мыйзам бузууларга жол берилгенин жүйө келтирип, ишти кошумча тергөөгө жөнөтүү өтүнүчү менен кайрылган. Свердлов райондук соту арызды канааттандырып, тергөөгө кайтарууну чечти. Жабырлануучу тараптын адвокаттары муну мыйзамсыз жана адилетсиз чечим деп эсептешет»,- деп айтылат маалыматта. 

Жактоочулардын айтымында, алар бул сот актысына каршы Бишкек шаардык сотуна даттанышкан, бирок ал жакта дагы соттук коллегия биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган. Андан соң тараптардын арыздары боюнча ишти кароонун алкагында Бишкек шаардык соту айыпталуучуну камактан бошоткон. Учурда жабырлануучунун жактоочулары Жогорку Сотко, ошондой эле Свердлов райондук сотунун судьясы жана Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясына карата дисциплинардык комиссияга кайрылуу ниети бар. «Мага адилеттүүлүк гана керек», — дейт жабырлануучу.