Бүгүн Билим берүү министрлигинин имаратынын жанында №95 мектептин окуучуларынын ата-энелеринин митинги өтүп жатат.
Чогулгандар мектептин директору Айгүл Шимованы жоопко тартууну талап кылышууда. Ошондой эле аквапарктын администрациясы да жазага тартылышы керектигин айтышууда.
6-июнь күнү Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аквапаркында 3-класстын окуучусу сууга чөгүп каза болгон. Бул факты милицияга каттоого алынып, 2 берене боюнча кылмыш иши козголгон.