Аквапаркта көз жумган окуучунун иши боюнча класс жетекчиси камакка алындыбы? Милициянын жообу

Социалдык тармактын колдонуучулары аквапаркта көз жумган 3-класстын окуучусунун иши боюнча класс жетекчиси камакка алынганын жазып чыгышты. Андан тышкары, класс жетекчинин 2 баласы бар экенин жана кош бойлуу экенин да жазышты.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Октябрь РИИБге бул иш боюнча кайрылганыбызда, маалыматты четке кагышты. «Иш боюнча тергөө уланууда. Учурда эч ким кармала элек», — дешти милициядан.

6-июнь күнү Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аквапаркында 3-класстын окуучусу сууга чөгүп каза болгон. Бул факты милицияга каттоого алынып, 2 берене боюнча кылмыш иши козголгон.