Чогуу жашаган жаран тарабынан сабалган 38 жаштагы аялдын укугун коргоо иштери уланууда. Бул тууралуу Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева билдирди.
«Аял чогуу жашаган жаран тарабынан март айында катуу сабалып, бир нече жолу операция болгон. Зомбулук боюнча маалымат коомчулукка жарыялангандын эртеси күнү жабыркаган аялды чакырып, кабыл алгам. Юридикалык жардам кызматы менен бирге аны жактоочу менен камсыз кылганбыз. Психологдун көмөгү дагы көрсөтүлдү. Учурда дарылануусун улантууда. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, 28 жаштагы жаран кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү” беренеси менен айып тагылып, иши сотко өттү. Иш 4-август күнү Ленин райондук сотунда каралат. Келин 2 кичинекей баласын өзү багып келет»,- деп жазды ал.











