Акыйкатчы: «Каракол ШИИБдин кызматкерлери кош бойлуу аялды сабашкан. Аялдын боюнан түшүп калган»

Акыйкатчынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө аял киши кайрылып, жардам берүүнү сураган. Анын айтымында, ага Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн эки ыкчам кызматкери жана бир тергөөчү тарабынан кол салуу болгон. 

Акыйткачынын айтымында, аял киши ур-токмокко алынып, анын кесепетинен кош бойлуулуктун 5-айында боюнан түшүп калган. Жабырлануучунун айтымында, 2021-жылдын 5-августунда Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери аны кармап, уруп-сабап, муунтуп башташкан, андан кийин талаага алып барып, сабоону улантышкан жана аны тепкилеп, өлтүрөм деп коркуткан. Арыз ээси Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына күнөөлүү милиция кызматкерлеринин тийиштүү жана адилеттүү жазасын алышына көмөктөшүүнү суранат.

Бул арыздын негизинде Акыйкатчынын Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү Ысык-Көл облусунун прокуроруна кайрылуу жолдогон. Прокуратурадан алынган жоопто жарандын арызы боюнча сотко чейинки өндүрүштү башталганы айтылган. Кылмыш-жаза кодексинин 321-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча козголгон кылмыш иштин тергөө иштерин Ысык-Көл облусунун УКМКсы жүргүзөт.