Акыйкатчынын орун басары камактагы №61 мектептин директору менен жолукту

Акыйкатчынын орун басары УКМК тарабынан кармалып, камакка алынган №61 мектептин директору Низовский менен жолугушту. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал тергөөчүлөргө карата нааразычылыгы жок экенин айткан. Сүйлөшүү УКМКнын кызматкерлерисиз өткөн.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова УКМК жетекчилиги, прокуратура кызматкерлери, Биринчи Май райондук соту баш коргоо чарасын кароодо Низовскийдин жаш курагын, ден соолугун, туруктуу жашаган жери бар экенин, буга чейин соттолбогонун карашы керек деп эсептейт.

Кечээ, 9-августта Бишкектеги №61 физика-математикалык мектеп-лицейи окуу комплексинин директору Юрий Низовский кармалган. УКМК билдиргендей, ал мектепте коррупциялык схема түзүп алган.