Кечээ, 14-март күнү MegaCom’дун мурдагы башчысы, экс-депутат Акылбек Жамангулов эки айга камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды.
Ал 12-март күнү Башкы прокуратурага суракка чакырылып, кийин кармалганы маалым болгон. Алдын ала маалымат боюнча, ал алдамчылыкка шектелүүдө, бирок иштин чоо-жайы белгисиз.
Акылбек Жамангулов 33 жашта. 2015-жылы «Республика-Ата журт» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 2018-жылы MegaCom’дун директору болуп дайындалып, бул кызматтан 2021-жылы март айында кеткен. 2020-жылы парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясын жетектеген.