Акын Аскат Жетиген эки айга камакка алынды

Акын Аскат Жетиген эки айга камакка алынды. Ал 19-майга чейин камакта болот. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Аскат Жетигенге дагы бир кылмыш иши, 278-берененин негизинде козголгон.

Ал 2 күн мурда чет жакка кетпөө тил каты менен абактан бошотулгандан кийин кайрадан видео кайрылуу жасаган. Алдын ала божомолдор боюнча, ал видеокайрылуусундагы «бийликти кетиребиз»деген сөзү үчүн кайра сотко чакырылган болушу мүмкүн.