Акын Аскат Жетиген сотко жеткирилди. Анын бөгөт чарасы каралат (видео)

Бүгүн, 18-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда акын Аскат Жетигендин бөгөт чарасы каралып жатат. Ал сотко жеткирилди.

Журналисттерге комментарий берип жатып, «Акыйкаттыктын жыты да жок» деди.

Буга чейин анын кармалып, 48 саатка камакка алынганын анын адвокаты билдирген болчу.