«Акыркы чекитти сот коёт». Акыйкатчы аппараты УКМК тарабынан кармалган кызматкери тууралуу үн катты

УКМКнын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы өкүлчүлүгүнүн инспекторунун кармалышы боюнча Акыйкатчы аппараты үн катты. Маалыматка караганда, Акыйкатчы аппаратынын инспектору 64 жашта. Ал 2011-жылдын 30-ноябрында Акыйкатчы институтунун Ысык-Көл облустук өкүлчүлүгүнө кабыл алынган. 2021-жылдын 1-октябрынан тартып — 65 жашка чыкканда мамлекеттик кызматтан пенсияга кетүүнү көздөгөн. Ал Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппаратына кызматка келгенге чейин комсомолдук уюмдарда, айылдык кеңештин төрагасы, мектептин директору кызматтарын аркалаган.

«2021-жылдын май айында Ысык-Көл облустук саламаттыкты сактоо мекемесиндеги жумушунан мыйзамсыз бошотулгандыгына нааразы болуп, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнө Б.Ж. аттуу жаран кайрылган. Бул арызды изилдөөдө, эмгек мыйзамдарынын бир катар бузуулары табылган. Тактап айтканда, Б.Ж. 2020-жылдын 21-декабрында иштен алынган, ал эми буйрук арткы мөөнөт менен 16-ноябрда таризделген. Эмгек кодексинин 76-беренесине ылайык, иш берүүчү иштен бошотууга эмес, тиешелүү күнгө же тиешелүү мезгилге кызматкерди иштен четтетүүгө милдеттүү. Жумуштан бошотулган учурда ага эмгек акы төлөнгөн эмес жана аны иштен бошотуу буйругу менен тааныштырышкан эмес. Эмгек китепчеси кызматкерге каралган мөөнөттө берилген эмес. Бул арызды кароонун жыйынтыгы боюнча кызматкерге айлык маянасы жарым-жартылай төлөнүп берилген. Райондук саламаттыкты сактоо түзүмүнүн башчысы өзүнүн буйругу менен жогорудагы мыйзам бузууларга жол берген кызматкерге «эскертүү» жарыялаган. Ошондой эле ал жактан Акыйкатчы аппаратына эсеп бухгалтери эмгек өргүүсүндө болгондуктан, жумушка келгенден кийин карала тургандыгын билдиришкен. “Эскертүү” түрүндө жаза алган кызматкер К.З. кийин жогоруда аталган кызматкерге карата укук коргоо органдарына кайрылган», — деп маалымат беришти.

Учурда окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат. «Тагыраак айтканда, тергөө кийинки окуялар кандайча өнүгүп жатканын иликтеп жатат. Акыйкатчы институту тергөө иштерине кийлигишпейт. Биз тергөө объективдү болот деген ишенимдебиз. Бул маселе боюнча күнөөсүздүк презумпциясы принцибин жетекчиликке алуу менен акыркы чекитти сот коёт», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Акыйкатчы аппаратынын  Ысык-Көл облусу боюнча инспектору пара алып жаткан жеринен кармалган.