Кыргызстандын Акыйкатчысынын Ысык-Көл облусу боюнча инспектору пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
24-августта УКМК тарабынан кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгүндө «пара талап кылуу» фактысы боюнча, пара алып жаткан учурда Акыйкатчынын Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн инспектору кармалды.
«Тактап айтканда, жарандын арызына ылайык, Акыйкатчынын Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнө мурда дагы бир жарандан кайрылуу келип түшкөн, анын негизинде кызматкер инспекторлор тарабынан текшерилген. Ошол эле учурда инспекторго арызданган жарандан текшерүү материалдарын прокуратурага өткөрүүдөн баш тартуу үчүн 20 миң сом өлчөмүндө акча каражатын опузалап талап кылган. Кармалган жаран Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.