Буга чейинки эскертүүлөргө карабастан, “Акыркы коңгуроо” аземинен кийин, мектеп бүтүрүүчүлөрүн шаардан сырткары эс алуучу жайларга кортеж унаалары менен ташыган өлкө аймагында 48 унаа аныкталды. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашты.
Алардын ичинен: Бишкек шаарында 29 кортеждик жана 16 маршруттук унаалар, ал эми Нарын облусунда мектеп бүтүрүүчүлөрүн шаардан сырткары эс алуучу жайларга ташыган үч унаа аныкталган. Бул унаалардын ичиндеги бүтүрүүчүлөрдүн баары аймактык милиция бөлүмдөрүнө жеткирилип, ал эми унаалары андан ары тийштүү чара көрүү үчүн, убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
Ошондой эле бир күн ичинде жалпы 2909 жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталып, алардын ичинен: