Ала-Арча-1 шаарчасында 18 жаштагы жигит өзүн-өзү атып өлтүрдү

10-июлга караган түнү болжол менен саат 02:31 чамасында Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө белгисиз жаран, белгисиз курал менен өзүн-өзү атып өлтүргөнү тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Аталган факт Аламүдүн РИИБге катталып, кызматкерлер жерине барышкан. Кызматкерлер тарабынан Ала-Арча-1деги үйдөн 2003-жылы туулган жигиттин жансыз денеси табылган. Жансыз дененин жанынан «Сайга» үлгүсүндөгү травматикалык курал алынган. Учурда тергөө иштери уланып жатат.

Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, каза болгон жигит «Альфа» компаниясынын негиздөөчүсүнүн уулу.