Бишкекте адам өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
20-февраль күнү Биринчи Май РИИБге “102” кызматынан Бишкек шаарындагы Ала-Арча суу сактагычынын жанындагы Лесное айылы тарапта белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган учурда маалымат тастыкталган. Каза болгон жарандын мурда бир нече жолу соттолгон 1981-жылы туулган А.А. экени аныкталган.
Аталган факты боюнча 122-берене (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган Б.И., 2004-жылы туулган Б.С., 2002-жылы туулган Б.Ч., 1999-жылы туулган Т.К., 1996-жылы туулган А.Т., 1996-жылы туулган К.А. кармалган. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан окуянын бардык жагдайлары текшерилип, маркумдун өлүмүнүн так себептерин аныктоого багытталган бардык зарыл экспертизалар дайындалды.