Ала-Бел ашуусунда эки унаа сүзүшүп, 29 жаштагы жаран менен 9 айлык наристе жан берди

Жалал-Абадда жол кырсыгы катталып, 29 жаштагы жаран менен 9 айлык наристенин өмүрүн алды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 22-сентябрда саат 20:00 чамасында милицияга Ала-Бел ашуусунда жол кырсык катталганы маалымдалган. Бишкек-Ош унаа жолунун 220-чакырымында 1993-жылы туулган жаран Мазда 6 унаасын түштүктөн түндүктү көздөй башкарып бара жатып, рулга ээ боло албай 1967-жылы туулган жарандын башкаруусундагы Субару унаас менен сүзүшкөн. Кесепетинен Субарудагы 1993, 1972 жана 1967-жылы туулган жарандар ооруканага жеткирилген. Ошол эле унаанын 2021-жылдын 9-декабрында туулган наристе менен 1993-жылы туулган жаран окуя болгон жерде каза болгон.