«Баасы 3 миллион 725 миң сом». Ала-Бука, Аксы районунда 34 малды Өзбекстанга айдап өтүүгө аракет кылгандар кармалды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука, Аксы райондорунда 34 уйду чек ара аркылуу Өзбекстанга алып кетүүгө аракет кылган эки жаран кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымдады.

30-июль күнү Аксы районунда Кыргызстандан Өзбекстанга 13 малды айдап өтүүгө аракет кылган жаран кармалган. Ал Аксы районунун Согот айылынын тургуну 1992-жылы туулган А.у.Н. болгон.

Бүгүн, 1-август күнү Ала-Бука районунун Ак-Там аймагында чек арачылар Аксы районунун Кара-Дөбө айылынын тургуну 1989-жлы туулган С.К.ны 21 малды Өзбекстанга айдап бараткан жеринен кармаган.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, малдардын жалпы суммасы 3 миллион 725 миң сомго бааланат.

«Кармалган эки жаран тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилди», — дейт УКМКнын басма сөз кызматы.