Ала-Букада түн ичинде алтын казууга аракет кылган 5 жаран кармалды

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Ала-Букада мыйзамсыз алтын казууга аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Ала-Бука РИИБге кен казуучу фирмалардын биринин күзөт бөлүмүнүн кызматкери билдирүү менен кайрылган. Анда 20-январда караган түнү саат 04:05 чамасында кен казуучу ишкананын кире беришинен Чаткал районунун тургундары кармалгандыгын билдирген. Мындан сырткары кен казуучу фирманын мыйзамдуу өкүлү арыз менен кайрылып, кармалгандарга мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Ала-Бука РИИБге Кылмыш-жаза кодексинин 37-беренеси (кылмыш жасоого аракеттенүү) жана 205-беренесинин (уурдоо) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Чаткал районунун 5 тургуну кармалып, камакка алынды. Алардын баш коргоо чарасы Ала-Бука райондук сотунда каралып, баары үй камагына чыгарылды.