Ала-Букадагы кен казган ишкананын күзөтчүлөрү ууруларга жардам берген деп кармалды

Ала-Бука милициясы кен казган ишканадагы уурулук фактысынын бетин ачты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Ала-Бука РИИБге район аймагында кен казуучу ишкананын юристи арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 12-мартка караган түнү саат 01:00дөн 02:00гө чейинки убакытта кен казуучу ишкананын кампасынын 6 даана жез зым түрмөгүн уурдап кеткендигин билдирген. Натыйжада кен казуучу ишканага 240 миң сомдук зыян келтирилген.

Бул окуя Ала-Бука РИИБдин тергөө кызматы тарабынан 205-берене (уурдоо) катталып, кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишине шектүү катары Ала-Бука районунун 1989, 1995-жылы туулган тургундары жана кен казган ишкананы кайтарып күзөттө турган жеке күзөт кызматынын 3 кызматкери кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алардын баш коргоо чарасы 17-мартта Ала-Бука райондук сотунда каралып, бардыгы үй камагына чыгарылган.

Тергөө аракеттеринин жүрүшүндө жеке күзөт кызматынын кызматкерлери жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүп, аларды түнкү убакытта унаага салып посттон алып өтүп, уурулук фактысына көмөктөшкөндүгү аныкталган. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.