2011-жылдан бери ИИМдин каттоосунда турган, мурда Ала-Бука районунун «положенеци» статусун ээлеп келген жана уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү, Ала-Бука районунун тургуну кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Шектүү 11-январдан тартып Орусиянын аймагында болуп, шериктери аркылуу Ала-Бука районунун Өрүктү айылында жайгашкан «Мурас» жана «Мурас 2» азык-түлүк жана курулуш дүкөндөрүн өрттөтүп жиберген. Кылмыш шектүү менен дүкөндөрдүн ээсинин жеке кастык мамилелеринен улам өч алуу максатында уюштурулган. Окуянын кесепетинен келтирилген материалдык чыгымдын көлөмү болжол менен 43 миллион сомду түзгөн. Буга чейин бул фактыга байланыштуу бул өрттү уюштурган деп 4 шектүү кармалган. Азыркы учурда кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Токмокто кыз ала качууга шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, Токмок ШИИБге 2004-жылы туулган кыз кайрылып, 29-мартта...
Бишкекте пара берүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти. Бишкек шаарынын Свердлов РИИБге билдирме менен Свердлов РИИБдин Кылмыш...
Нарын мамлекеттик университетинде 300дөн ашуун студент окуудан чыгарылып, 13 кызматкер жазага тартылып, окуу жайдын айрым жетекчилерин кызматтан алуу сунушталды. Бул...
Улуттук онкология жана гематология борборунун аймагынын бир бөлүгү кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК мамлекеттик мүлктү мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү...