Ала-Буканын тергөөчүсү 100 миң сом пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты.
«Бүгүн, 14-июнда саат 09:40 чамасында Башкы прокуратура тарабынан УКМКнын ыкчам коштоосунда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук прокуратурасынын тергөөчүсү А.А. арыз ээсине карата сот өндүрүшүндөгү кылмыш иши боюнча маселелерди оң чечүү үчүн 100 миң сом өлчөмүндүгү пара алып жаткан жеринен кармалды. Жогорудагы акча каражаттар шектүүнүн автоунаасында табылды», — деп жазылат маалыматта.