«Ала качканы жатышат». Ошто 11-класстын окуучусу турмушка чыгууну көздөгөн

Социалдык тармактын колдонуучулары үйлөнүп жаткан жаш жубайлардын сүрөтү менен бөлүшүшүп, кыздын 8-класстын окуучусу экенин жазышты. Окуя боюнча Ош ОИИБ маалымат берди.

Маалыматка караганда, Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айылынын 2004-жылы туулган тургуну — аталган айылдагы мектептин 11-классынын окуучусу апрель айында ден соолугуна байланыштуу Кара-Кулжа райондук ооруканасында дарыланып жаткан. Ал үйүнө чыгуу учурунда 1 жыл Инстаграм аркылуу сүйлөшүп жүргөн Көк-Арт айылынын 2002-жылы туулган тургунуна чалган. Кыз аны башка бирөөлөр ала качканы жатканын айтып, ооруканадан алып кетүүсүн суранган.

Жигит кызды өзүнүн ата-энеси жашаган үйгө алып барган. Ошол эле күнү кыздын апасы милиция кызматкерлери менен бирге кыз барган үйгө барып, кыздын жаш курагы турмуш курууга жетпестигин баланын ата-энесине айтышкан. Баланын ата-энеси кыздын өз каалоосу менен келгенин айтышкан. Алар кыздын 18ге чыга элегин билишкен эмес.

«Эки тараптын ата-энелери өз ара макулдашып, август айында кыздын жаш курагы 18ге толгон соң үйлөнүү той беришин айтып, ошол күнү кызга куда түшүп, сөйкө салышкан. Кыздын ата-энеси жана кыз тарабынан арыз жазуудан баш тартышты», — деп айтылат маалыматта.