Кечээ, 26-мартта социалдык тармактарда «Ала-Тоо» аянтында жумушчулар мушташты» деген видео тараган.
Маалыматтарга караганда, мушташ жумушчулардын бирин тепкичтен түртүп түшкөндөн кийин башталган.
Окуя боюнча Биринчи Май РИИБден маалымат беришип, териштирүү башталганын билдирди. «Аталган факты каттоого алынды. Тергөөгө чейинки териштирүү иштеринин жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет», — деп айтылат маалыматта.