Алай районунда Абадан коргонуу күчтөрүнүн тик учагы кулап түштү. Бул тууралуу 24.кж өз булактарына таянуу менен жазып чыкты. Маалыматка караганда, тик учак чек ара аймагындагы окуя болгон жерге бара жаткан. Алдын ала маалыматтар боюнча, учурда төрт жабырлануучу бар.
«Бортто жалпысынан 15 адам болгон. Учурда 4 гана жабырлануучу табылды, аларга жардам көрсөтүлүп жатат», — деп жазылат маалыматта.
Бүгүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу аталган аймакка жөнөп кеткен эле.










