Алай районунда сел жүрүп, турак үйлөрдүн короолорун каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-июль күнү саат 19:00 чамасында Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айыл аймагында жааган жаандын кесепетинен коктулардан келген сел суулар Курманжан-Датка айылында жайгашкан 6 турак үйдүн короолорун каптады. Тазалоо иштерине ӨКМден 3 куткаруучу, 1 жүктөгүч тартылып, саат 20:45те короолор толук тазаланып бүткөрүлгөн.










