28-январь күнү саат 16:30 чамасында Алай РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Кыргоол айылында дарыядан жашы 30-35 жаштар чамасындагы жарандын жансыз денеси табылгандыгы боюнча маалымат келип түшкөн. Маркум Алай РИИБнин участкалык инспектору 32 жаштагы Нурланбек Эркулов экендиги аныкталган. Анын баш сөөгүндө 4 жеринде жараты, оң кулагынын үстүндө, оң колунда жана бел тарабында жараттар бар экендиги байкалып, киши колдуу каза болгондугу белгилүү болгон.
Бул кылмыштын бетин ачуу боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, көп узабай Ош ОИИБинин жана Алай РИИБинин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөр: Алай районунун 54, 32 жана 31 жаштагы Будалык айылынын тургундары кармалып, Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кылмышка шектүү катары кармалгандардын бири мурда Орусияда каракчылык боюнча соттолгондугу белгилүү болгон.