21-март күнү Алай райондук ички иштер бөлүмүнө 2008-жылы туулган жаран денесинен жаракат алып, аймактык ооруканага кайрылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.
Бул факты каттоого алынып, окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу чыгып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Жабырлануучуга тийиштүү экспертиза дайындалган. Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары 2009-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 22-март күнү райондук сот тарабынан үй камагына чыгарылды. Учурда тергөө амалдары уланууда.