Алайда жер титирөө катталганын ӨКМден билдиришти. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 04:43тө Кыргызстан менен Тажикстан өлкөлөрүнүн чектешкен аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
«Жер титирөө Алай районунун Бор-Дөбө айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок», — деп жазылат билдирүүдө.