Алай районунда милиция кызматкери өлтүрүлдү. Бул тууралуу SEREP MEDIA маалымат агенттигине Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Кечээ, 28-январда Алай районундагы Гүлчө конушунан анча алыс эмес жерде жайгашкан Кыргоол аймагында дарыядан лейтенант наамындагы участкалык милиция инспекторунун сөөгү табылды. Алдын ала маалыматтар боюнча, анын башынан жаракат табылган.
Маалым болгондой, өлтүрүлгөн адам эки күн бою жумушка чыккан эмес. Кошумчалай кетсек, ал УКМКнын «Альфа» бөлүгүнүн спецназ кызматкери болгон.