Алайда селден жабыркаган 2 бейтап ооруканада

Селден жабыркаган Алай районунун Корул айыл өкмөтүнүн 2 тургуну ооруканада дарыланып жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Ошондой эле, 9 кош бойлуу келиндин бирөөсү көз жарган. Анын абалы туруктуу.

«Бардыгы медициналык кызматкерлердин көзөмөлүндө. Учурда 2 медициналык бригада толук кандуу иш алып барууда. Бригаданын курамында үй-бүлөлүк дарыгер, офтальмолог, УЗИст бар. Бүгүнкү күндөн баштап Ош облустук адистер (психолог, психиатр, невролог) жеринде барышып, иш алып барууда. Калкка медициналык жардам көрсөтүү үзгүлтүксүз уюштурулган. Дары-дармек жана тез жардам унаасы менен камсыздандырылган. Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл адистери тарабынан дезинфекция иштери жүргүзүлүүдө»,— деп айтылат маалыматта.

3-4-май күндөрү Ош, Жалал-Абад, Нарын, Талас облустарындагы ондогон үйлөрдүн короосун сел каптап, көпүрөлөр бузулуп, айрым жолдор жабылып калды.