Abank_june
SerepTV Logo

Алайкуда селден улам жалпы 60тан ашык үйгө суу кирди

Алайкуда селден улам жалпы 60тан ашык үйгө суу кирди
Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ош облусунун Кара-Кулжа районуна болгон жумушчу сапарынын алкагында сел кырсыгы катталган Алайку айыл аймагынын Терек жана Кан-Коргон айылдарындагы калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.

Министр селден жабыркаган аймактарды кыдырып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү, райондук Жарандык коргонуу кызматтары жана тартылган мекеме-уюмдардын жетекчилери менен жолугуп, селден кийинки калыбына келтирүү иштерин ыкчам жана сапаттуу жүргүзүү боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

2-июлга карата жүргүзүлгөн тактоо иштеринин жыйынтыгында Алайку айыл аймагынын Терек айылында жалпы 50 турак жай зыян тартканы аныкталды. Анын ичинен 1 турак үй авариялык абалга келип, 12 турак үйдүн жертөлөсүн жана 34 турак үйдүн короо-сарайларын сел суулары каптаган. Ошондой эле 1 мечиттин, Терек үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жана 35/10 кВ "Терек" электр подстанциясынын короолору сел алдында калган. Кан-Коргон айылында дагы 11 турак жайдын короосуна сел суулары кирген. 

Учурда селдин кесепеттерин жоюу иштери үзгүлтүксүз улантылууда. Турак жайлардын жана социалдык объекттердин аймактары тазаланып, ички чарбалык жолдор менен Терек - Чат-Терек автоунаа жолун калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Калыбына келтирүү иштерине ӨКМден 4 атайын инженердик техника тартылып, калыбына келтирүү иштери уланууда.