Аламүдүн-1 кичи районунда көп кабаттуу үйдөн өрт чыккан. ӨКМ маалымат таратып, өрт 8-кабаттагы батирден чыкканын тастыктады.
Өрттү өчүрүүгө саат 11:59да Октябрь райондук №7 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп, саат 12:05те Свердлов райондук №3 ӨКБдан 1, саат 12:01де Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 автошаты жана штаб тартылган.
Тилсиз жоо саат 12:37де чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иши жүрүүдө. Өрт өчүрүүчүлөр өрт чыккан батирдин ичинен 2 баланы аман-эсен куткарып чыгып, ошондой эле башка батирлерден жалпы 8 адам эвакуацияланган.